Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-июлда Беларусь Республикасынын көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Беларусь президенти Александр Лукашенкого куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын ортосундагы, анын ичинде регионалдык бирикмелердин алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтык биздин элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берерине ишенем", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев Лукашенкого бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми беларусь элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.