Жогорку Кеңештеги депутат айымдардын форумун депутат Эльвира Сурабалдиева жетектейт

Жогорку Кеңештеги депутат айымдар Ысык-Көлдө форум өткөрүштү. Буга чейин аталган форумга төрайымдык кылып келген депутат Ашэра Халикова мандатын тапшырып кеткендигине байланыштуу бул орунга депутат Эльвира Сурабалдиеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, ал бир добуштан шайланды.

ЖКнын маалымат кызматына таянсак, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова депутат айымдардын форумунун иш планын түзүүдө медиа план иштеп чыгууну сунуштаса, депутат Евгения Строкова гендер маселеси социалдык мүнөзгө ээ болгондуктан, Социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөлөрү үчүн атайын тренингдерди уюштуруп туруу зарылчылыгын билдирди.

Аталган форум парламенттин 5-чакырылышында да иштеп, форумга мүчө депутаттардын ар бири тармак боюнча иш жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан