Үй-бүлөлүк зомбулукка себепкер болгондорду административдик жаза катары коомдук иштерге тартуу ишке ашпайт. Мындай пикирди парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова 3-июлда Ысык-Көлдө өткөн депутат айымдардын форумунда билдирди.
"Мен кезегинде муниципалдык органда иштеген өкүл катары айтарым: акысыз коомдук жумуштарга тартуу - ишке ашпай турган көрүнүш. Анткени акы төлөнбөгөн эмгекке тартуу канчалык бир деңгээлде укук бузууларга алып келмек. Буга чейин деле мындай норма болгон, бирок ал жетиштүү механизмдердин жоктугунан улам ишке ашырылган эмес. Муну биз кезегинде “Тазалык” ишканасына жумушчу күч зарыл болгондо колдонуп көрүүнү ойлогонбуз, бирок ишке ашкан эмес", - дейт депутат.
Вице-спикер үй-бүлөдө зомбулуктарга кабылган жарандарга колдоо көрсөтүүчү эки гана борбордун иштеп жаткандыгы жетишсиз экенин, мындай борборлор ар бир райондо түзүлүшү керектигин айтты.
ЖКнын маалымат кызматына таянсак, жыйында эксперттер: “Эгерде катардагы жарандар үй-бүлө зомбулугуна себепкер болушса, алардын кылыгы дароо билинет. Ал эми колунда мансабы барлар мындай ишке барышса, аларга көз жумуп койгон туура эмес. Ошондуктан алардын кылган жоруктары алар иштеген мекемелердин жетекчилигине кабарланып, уяткарылып туруш керек”, - дешти.