Президент Алмазбек Атамбаев франциялык мамлекеттик ишмер Мишель Рокардын каза болгонуна байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты. Маалыматты 4-июлда президенттик аппараттан билдиришти. "Франциянын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Мишель Рокардын каза болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул оор жоготууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, маркумдун жакындарына жана жалпы француз элине чын дилден көңүл айтам", - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
Белгилей кетсек, Мишель Рокар 1988-1991-жылдары Франциянын премьер-министри кызматын аркалаган.