Алмазбек Атамбаев Пакистандын президентине Читрал округундагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге суу ташкындын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

"Читрал округундагы суу ташкындын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу терең кайгыруу менен көӊүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айткан, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалаган сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду сизден өтүнөм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан