Президент "күч түзүмдөрүнүн азыркы системи коррупционерлер үчүн ыңгайлуу" дейт

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 4-июлда өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо чараларынын комплексин жактырды. Президенттик аппарат өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин аталган жыйында айткан пикирин жарыялады.

“Бүгүнкү чечимди тарыхый деп атоого болот. Жөнөкөй жарандар, бизнес жана инвестициялар мыйзамдын коргоосунда болуусу үчүн укук коргоо органдар системин реформалоо мыйзамдуулукту бекемдөөгө тийиш. Экинчиден, кабыл алынган чечимдер өлкө экономикасын өнүктүрүүгө түрткү бериши керек.

Белгиленген реформалардын туура ишке ашышы абдан маанилүү. Ар бир кадам ийне-жибине чейин жазылышы керек. Баарын мурдагыдай калтырууга мүмкүнчүлүк болбош керек. Биздин күч түзүмдөр өлкө үчүн көп иштерди жасап, мыйзамдуулукту камсыз кылууга аракеттенип жатышат. Бирок азыркы абалы коррупционерлер үчүн ыңгайлуу, биз бул системдеги чынчыл кесипкөйлөрдү колдогубуз келет”, - деди Атамбаев.

Талкуунун жүрүшүндө Коргоо кеңешинин мүчөлөрү укук коргоо органдарынын азыркы системи коомдун жана улуттук коопсуздуктун азыркы талаптарына жооп бербей калганын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан