Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Сюй Жуйшэн жетектеген топ Ош облусуна иш сапары менен келди. Конокторду өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алды. Бул тууралуу 5-июлда Ош облустук маалымат кызматынан билдиришти.
“Кыргыз-кытай алакалары 1991-жылдан тарта ар тараптуу өнүгүү жолуна түшүп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багытта алакаларыбыз бекемделип келе жатат. Тышкы саясий мамиледе КЭР менен болгон байланыштар биз үчүн маанилүү. Бүгүнкү күндө Гуандун провинциясы экономикалык өсүүсү жана калк санынын көптүгү жагынан алдынкы орунда турары бизге маалым. Андыктан Ош облусу сиздер менен соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык багыттарда кызматташууга кызыкдар. Айрыкча биздин облус дыйканчылыкка ыңгайлашкандыктан, айыл чарба багытында иш алып баруу өзгөчө орунда турат.
Биздин чөлкөмдө өндүрүлгөн экологиялык таза тоо балын, эт азыктарын жана жер-жемиш түрлөрүн экспорттоого кызыкдарбыз. Ошондой эле кайра иштетүү, жеңил өнөр жай тармактарына да инвестиция салса болот. Кыргыз-кытай чек арасына жакын жайгашкан жалпы баасы 110 миллион долларга барабар болгон “Сары-Таш” Эл аралык соода борборунун долбоорун ишке ашыруу - алдыдагы максаттардан”, - деди өкмөт өкүлү.
Кытайдын Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Сюй Жуйшэн да айтылган сунуштарды кубаттап өттү. Бул багытта чогуу жумуш алып баруу, кызматташтыкты арттыруу, ишкерлер ортосундагы байланышты күчөтүү жана Ош облусуна инвестиция салуу боюнча максаттары бар экенин айтып өттү.
Эки тараптуу жолугушуу Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында эмгектенген ишкерлердин катышуусунда өттү. Эки тараптуу кызматташтыктын шарттары макулдашылды. Эки облус жетекчилери Гуандун провинциясы менен Ош облусунун мындан аркы кызматташтыгын арттыруу жана бекемдөө келишимдерине кол коюшту.
Сюй Жуйшэн иш-чара соңунда атайын коноктор үчүн ачылган эстелик китебине өз кол тамгасын коюп, кыргыз элине болгон каалоо-тилектерин жазып калтырды. Мындан сырткары эки өлкө ишкерлери үчүн бизнес-форум уюштурулган. Ага Ош ЖИАнын өкүлдөрү, кытай жана кыргыз ишкерлери катышууда. Мында жаңы долборлордун үстүндө иштөө жана аларды ишке ашыруу багытында келишимдер жана макулдашууларга кол коюлуп, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.