Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов казак дипломатынын президент Алмазбек Атамбаевдин артында отуруп жасаган кылыгы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу казакстандык ММКлар 5-июлда жазып чыгышты.
Ушул жылдын 24-июнунда президент Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ташкенттеги саммитинде сүйлөп жатканда анын артында отурган жаш дипломат улам-улам колунун тырмагын тиштегилеп, оозун ачып эстөөсү тартылган видео интернетке тараган. Интернет колдонуучулар жаш дипломаттын бул кылыгы үчүн президенттик аппараттын дарегине катуу сындарды айтышкан эле. Ал дипломат Казакстандын президентинин аппаратында иштеген Чингиз Карагужинов болуп чыкты. Ал алгач Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде иштеген.
"Дипломат - бул өзгөчө кесип. Дайыма сак болушу керек, ансыз да бул эл аралык иш-чара болчу. Албетте, сак болуп, жыйын залында камера иштеп турарын билиши керек эле. Эгерде бул кимдир бирөөлөрдүн кыжырын келтирсе, бул үчүн кечирим сурайм", - дейт Идрисов.