Жогорку Соттун судьяларынын бош кызмат орундарына сынакка катышууга 36 талапкер документ тапшырды

2016-жылдын 1-июлунда Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын 5 бош кызмат орундарына сынактык тандоого арыз жана документтерди кабыл алууну аяктады. Маалыматты бүгүн, 6-июлда Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады. Сынакка катышууга 36 талапкер документ тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесине ылайык, сынактык тандоого арыз жана документтерди 2016-жылдын 21-июнунан 1-июлуна чейин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан