Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-июлда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады.
"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо ишине кошкон сиздин салымыңыз кыргыз өлкөсүндө жогору бааланат. Кыргыз-казак өз ара пайдалуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин андан ары өнүктүрүү бир тууган эки элдин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деп терең ишенем", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев президент Назарбаевге чың ден соолук, бакубат турмуш жана мамлекеттик иштерине ийгиликтерди каалаганын президенттик аппараттан билдиришти.
Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев бүгүн 76 жашка чыкты.