Бибигүл Бөпебаева, Жети-Өгүз райондук кеңешинин депутаты: "Кумтөрдү" улутташтырууга каршымын"

Бибигүл Бөпебаева, Жети-Өгүз райондук кеңешинин депутаты, "Сельская жизнь" коомдук фондунун жетекчиси:

"Мен мурда да, азыр да “Кумтөрдү” улутташтыруу мыйзам долбооруна таптакыр каршымын. Кыргыз Республикасына учурда “Кумтөрдү” улутташтыруунун кереги жок, анткени аны өз алдынча иштетүүгө каржы жана техникалык мүмкүнчүлүктөр жок. Анын үстүнө кен иштетүү үчүн тиешелүү квалификациядагы бир катар категориядагы адистерибиз жок. Жыйынтыгында ишкана консервацияга дуушар болуп, анын фондулары уурдалып, жок болот. Бул популисттик мыйзам долбоорун бир катар депутаттар улам көтөрүп чыгып жатканын түшүнө албайм. Бул мыйзамды абсурд дегенден башкача атоого мүмкүн эмес. Алтын кенди улутташтыруудан биздин жана Ысык-Көлдүн башка райондору кандай экономикалык чыгаша тартарын элестетүү кыйын. Биз райондун бюджетине кирешени негизинен “Кумтөрдүн” эсебинен алабыз. Андыктан инвесторлорго тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Эгер экология боюнча маселе жаралса, менин билишимче, канадалык тарап маселелерди чечүүгө акча бөлүүгө даяр, бирок ишкана токтосо ага акча кайдан табылат?

Баса белгилеп айткым келген нерсе, биздин Жети-Өгүз районундагы жана жалпы эле Ысык-Көл облусундагы маанилүү жана көзгө басар долбоорлор “Кумтөрдүн” жардамы менен ишке ашып жатат. Биздин райондук бюджеттер стратегиялык маанидеги алтын кенден жакшы төлөмдөрдү жана которууларды алууда. Андыктан аймактын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртуучу долбоорлорду жүзөгө ашырууга шартыбыз бар.

Улутташтыруу темасына кайрылсам, Жети-Өгүз райондук кеңешинин депутаты катары сегиз жылдан бери бир да жолу Жогорку Кеңештин депутаттары жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууга кызыкчылык арттырган эмес.

Бирге Ысык-Көлдүн бардык актуалдуу көйгөйлөрүн чече алмакпыз. Мен эле эмес, менин депутат кесиптештерим да Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулугу менен алдын ала кеңешпей туруп Жогорку Кеңештен “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча мыйзамдар чыкпашы керек деген пикирде.

Стратегиялык ишкананы неге улутташтыруу керек экендиги бизге түшүнүксүз болууда. Эч кандай так түшүндүрүүлөр жок. Албетте, биз жакта да “Кумтөрдү” улутташтыруу керек дегендер табылар, бирок саналуу гана. Парламенттин бул демилгесине көлдүктөрдүн көбү каршы чыгарына ишенем.

Көйгөйдүн баары ЖК депутаттарында көлдүк шайлоочулар жана жергиликтүү кеңештер менен байланыштын жоктугунда. Шайлоо алдында талапкерлер элдин кызыкчылыгында иштеп, пикирине кулак төшөөнү убада беришет. Бирок "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси ага карама-каршы чыгууда. Биздин аймактын тургундары бийликке үнүн жеткизип, улутташтыруу сыяктуу чечимдер бир фракциянын кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы коом жана элдин кызыкчылыгында кабыл алынуусу шарт деген пикирибизди түшүндүрө алабыз деп ишенем", - деп жыйынтыктады райондук кеңештин депутаты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aikyn93
2016-07-06 15:01:00
туура кыргызстан аны иштете албайт
0
nur0077
2016-07-06 15:41:10
Туура эле,каршы чыкканы.Аз калды Алтын тугоноруно.Итке минсе,биротоло минсин,итке чала минбей.Мамлекеттин онугуусун,30-40жылды алдында ала коро билген мыкты жетекчи келбесе,Сентерадан чай пул алган жепутат-коррупционерлер жок болбойт.Кыргызстан ото катуу тартип менен,тез онукпосок болбой калды.Ар бир акылдуу жепутат-коррупционер оз оюн айтып,олкону артка тартат.онугуудо ар кимдин оюу маанилуу эмес.Онугуудо Олконун кызыкчылыгы 1 орунда болуусу шарт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан