Улуттук энергетикалык холдингге жай мезгилинде Кыргыз Республикасына Тажикстандан электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Өкмөттөн 6-июлда билдиришкендей, Токтогул суу сактагычында сууну максималдуу чогултуу максатында 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктардын башталышына карата электр энергиясын өз ара алмашуу мүмкүндүгү каралууда. Ага ылайык, Тажикстандан Кыргыз Республикасына жайкы мезгилде алынган электр энергиясынын көлөмү жылдын башка мезгилинде кайтарылат.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов бул Токтогул суу сактагычынан суунун агып чыгуусун кыскартууга жана Тажикстан үчүн Вахш ГЭС каскадындагы бош кеткен суунун агып чыгууларын кыскартууга мүмкүндүк түзөрүн айтат.