4-июлда орусиялык туристтер Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо белгисиз адамдарга 100 евро, 20 миң рубль жана 45 миң сом акчасын алдырып жиберишкен. Өкмөттөн билдиришкендей, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Орусия жарандарынын катышуусунда орун алган чатакты териштирүү тапшырмасын берди.
Кашкар Жунушалиевдин маалыматына караганда, аталган маселе боюнча ыкчам топ түзүлүп, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат.
Өкмөт башчы мындай окуяларга тез арада көңүл буруп, келген коноктор жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу ишин күчөтүү тапшырмасын берди.