ЖЫЛНААМА, 8-ИЮЛЬ: Кыргыз мамлекети, Казакстан жана Өзбекстан президенттеринин кол коюусу менен Борбор Азия экономикалык биримдиги түзүлгөн

Кыргыз Республикасы, Казакстан жана Өзбекстан мамлекет башчыларынын Алматы шаарында өткөн саммитинде Борбор Азия экономикалык биримдиги түзүлгөн. Үчтүктөр биримдигине Кыргыз президенти Аскар Акаев, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан президенти Ислам Каримов кол коюшкан.
Анын алкагында мамлекет башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин башын бириктирген Мамлекет аралык кеңеш уюштурулган. Мындан тышкары Тышкы иштер жана Коргоо министрликтери үчүн атайын кеңештер курулуп, алардын ишин жумушчу органы катары түзүлгөн Аткаруу комитети жүзөгө ашырары белгиленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан