Сооронбай Жээнбеков: "Бизнестеги тоскоолдуктарды жоюу маселеси ыкчам чечимдерди талап кылат"

Өкмөттө 7-июлда Регулятивдик реформа боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында өкмөт башчы Сороонбай Жээнбеков аталган реформа чоң мааниге ээ экенин, анткени Кыргыз Республикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында каралган айрым милдеттерди түздөн-түз чечерин айтты.

"Өкмөт ишкердүүлүк жаатындагы мыйзамдарды ревизиялап, негизсиз, мыйзамсыз, бири-бирине карама-каршы келген жана кайталанма укуктук-ченемдик актыларды жоюу боюнча сунуштардын алгачкы пакетин иштеп чыкты. Жүргүзүлүп жаткан регулятивдик реформа ата мекендик ишкерлер үчүн реалдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген так, түшүнүктүү, эң ириде натыйжалуу иштей турган мыйзам чыгаруу тутумун түзүүгө багытталган", - деди Жээнбеков.

Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун айтымында, бүгүнкү күнгө карата регулятивдик реформанын алкагында 192 нормативдик-укуктук актылар жана 97 административдик процедура анализденди.

Премьер-министр ишкердик жүргүзүүнү жеңилдетүүгө байланыштуу иш-чаралар ыкчам жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп туруусу зарыл экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан