Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-июль күнү иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы "Кыргыз-Түрк достугу" таланттуу балдар мектебинде болуп, мугалимдер жамааты менен балдарга сапаттуу билим жана таалим-тарбия берүү жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Мектептин директору Мелисбек Музулманов 2012-жылы 850 орунга ылайыкталып салынган билим берүү мекемесинде иш жүзүндө 1200 бала окуп жатканын билдирди. Анын айтымында, окуучулардын көп тил үйрөнүүсүнө, сапаттуу билим менен кошо мыкты таалим-тарбия алып чыгуусуна басым жасалат. Жогорку окуу жайлар менен тыгыз байланыш түзүлүп, гранттык жана усулдук жардамдарды алып жатканын айтты.
Төрага Чыныбай Турсунбеков республикалык бюджеттин көпчүлүк бөлүгү социалдык багытта, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жумшалып жатканын баса белгиледи. Ал ири өлчөмдөгү насыялык жана гранттык каражаттар да тартылып жатканын, каражаттар сарамжалдуу жана өз багытында гана жумшалууга тийиш экенин, билимдүү муунду тарбиялоо өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп санала турганын кошумчалады.
Спикер Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүн, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү менен жергиликтүү бийлик жетекчилерин балдар мекемелерине өзгөчө көңүл буруп, алардын муктаждыктарын өз маалында чечип берүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облусунда эки күндүк иш сапарында жүрөт.