Экс-депутат Жыргалбек Саматовдун мандаты Болотбек Ибраимжановго берилмекчи. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Республика-Ата Журт" фракциясынын катчылыгынан билдиришти. Маалым болгондой, партиянын тизмеси боюнча Б.Ибраимжанов кезекте турат.
Айта кетсек, бүгүн, 8-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жыргалбек Саматовдун кош жарандуулугу бар" деген негизде аны депутаттык мандатынан ажыратты.
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич 1965-жылы туулган жана "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп иштеген.