Бүгүн, 8-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан кытайлык “TBEA” компаниясынын жумушчулары менен жетекчилигинин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда 6 кытай жараны Кытайдагы суу ташкынына байланыштуу өлкөсүнө барып келүүнү суранып, бирок жетекчилик аларга билет алып берүүнү кечиктирген. Ушунун айынан жумушчулар ЖЭБдин аймагында ишкана жетекчилигине нааразычылык билдирип чыгышкан. Пикир келишпестик басылып, кытайлар мекенине жөнөтүлдү...
Бул окуя “ТBЕА” компаниясынын жумушчуларына байланышкан биринчи чыр эмес. 2013-жылдын январында Өзгөндүн Куршаб айылында "Датка-Кемин" чубалгысын куруп жаткан кытай жумушчулары менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү жашоочулардын бирин компаниянын 4 өкүлү уурулукка шектеп сабаган. Мындан кийин айыл тургундары чогулуп, ортодо кытайлар менен кагылышуу чыккан. Териштирүүдө чырга күнөөлүү экенин эки тарап тең моюндарына алышып, 3 күндөн кийин элдешишкен эле. Элдешүү салтанатына катышкан Ош облусунун ошол кездеги жетекчиси, учурдагы премьер Сооронбай Жээнбеков кытайлар куруп жаткан чубалгы 28 миллиард сомдук маанилүү долбоор экенин айтса, "TBEA" компаниясынын аткаруучу директору Лю Хи жалпы элден кечирим сураган. Компания жетекчиси жергиликтүү элден станцияны туташтыруучу темирлерди жана аларга тартылуучу зымдарды уурдабоону суранып, аларды кайра Кытайга буйрутма берип алдырганча бир канча убакыт сарпталарын билдирген.
Ушул эле жылдын 3-июлунда Кочкор районунда Бишкек-Торугарт жолун реконструкциялап жаткан кытайлык “China road” компаниясынын жумушчуларынын иштөө уруксатын текшерүү боюнча рейд жүргөн. Милиция кызматкерлери “эч кандай документи жок” деп кармаган 7 кытай жаранын бошотуп алуу үчүн 25 кытай улутундагылар укук коргоо органдарына күч менен каршылык көрсөтүшүп, ортодо кагылышуу чыккан. Милициянын жана УКМКнын кызматкерлери жаракат алышкан. 7 кытай жаранынын эч кандай документи жок Кыргыз жерине кантип киргени белгисиз, киргизүүгө күнөөлүү деп жоопко тартылгандар деле болгон эмес.
Адатта мындай окуяларда чет элдик жумушчулар жергиликтүү калктын кескин сынына кабылышат. Ошол эле учурда жергиликтүү жашоочулардын аша чаап кеткен учурлары да бар. Мисалы, 2014-жылы Бакай-Ата районунда жергиликтүү жашоочулар “Шыраалжын” кенин ачпоону, кенде чалгындоо жүргүзө турган казакстандык “Алтын Күмүштак Майнинг” компаниясынын ишин токтотууну талап кылып жол тосушкан. Жергиликтүү тургундардын талаптары аткарылган. “Жер-Үй” кенин иштетүүгө да Талас районунун тургундары каршы чыгып, кендин аймагына инвесторду жолотпой келишет. “Кумтөр” боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерге кол коюлганы, элди алдоо, жеке кызыкчылыктарды көздөө элди ушундай агрессивдүү жолдорго түртүп жатат. Кыргыз өлкөсү мындай адаты менен экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, элди жумуш менен камсыздай турган инвесторлорду кызыктыра албасы турган иш.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовду мандаттан ажыратты. Комиссиянын бүгүнкү отурумунда депутаттын кош жарандуулугу боюнча Орусиянын Башкы прокуратурасы тарабынан жиберилген маалымат каралып, жыйынтыгында Саматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечими кабыл алынды. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Альгиз Шүкүралиев орусиялык органдардын маалыматына шилтеме берүү менен депутат Саматов Орусиянын жарандыгын 2001-жылы алганын айтты. Анын билдиришинче, Саматовдун Орусиянын жарандыгынан чыгуу тууралуу арызы ал өлкөнүн миграция органдарында катталбаганын, Саматовго “Орусиянын жараны эмес” деген документ аталган өлкө тараптан берилбегенин кошумчалады. Саматов “Орусиянын жараны эмесмин” деп БШКга көрсөткөн документ жасалма болуп чыгууда.
Аталган депутат менен “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов 2015-жылкы парламенттик шайлоодон бери тирешип келе жатат. Шайлоодон кийин БШК Саматовду “Орусиянын жараны” деген негизде партия тизмеси аркылуу мандат алуу укугунан ажыратып, бирок бул чечимди Жогорку Сот 5-ноябрда жокко чыгарган. 2015-жылдын 9-декабрында БШК ага мандат берип, бир аптадан кийин Саматовдун “Орусиянын жараны эместиги тууралуу БШКга көрсөткөн каты жасалма болуп чыкты” деген жүйө менен мандатын кайра алып койгон. Мындан кийин да Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган талапкер утуп чыгып парламентке барган. Саматов 2016-жылдын 13-январында парламентте ант берген күнү "Республика-Ата Журт" фракциясы аны фракция курамынан чыгаруу чечимин кабыл алган.
Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында Бабановду депутат Саматов Казакстандын жараны деп айтып чыккан. "Республика-Ата Журттун" лидери: “Жыргал, кел, депутаттардын алдында эркекче сөз берели. Экөөбүз тең Орусияга, Казакстанга расмий кайрылуу жиберели. Алар экөөбүздү тең "биздин жараныбыз" деп жооп беришсе, экөөбүз тең мандатты тапшырып беребиз. Эгер "биздин жараныбыз эмес" дешсе, ишибизди уланталы. Урматтуу депутаттар, азыр экөөбүз тең жыйындан чыккандан кийин жарандыгыбызды аныктоо үчүн арыз жазабыз..." - деген эле. Ошентип, 6 айдан кийин анын мандат маселеси кайра көтөрүлдү. Бабанов бул иштин түбүнө жете тургансып калды...
Саматов “Республика-Ата Журт” фракциясынан мандат алып, кайра ыйгарым укуктары токтотулган биринчи депутат. Парламенттин 5-чакырылышында “Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиевдин командасынын курамында "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмесине кошулган. Шайлоодон кийин Бабанов партиянын тизмеси аркылуу мандат ала турган талапкерлер Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев, Нургазы Айдаровду тизмеден чыгаруу аракетин баштаганда коомчулукта "Бабанов шайлоо бүткөндөн кийин ташиевчилерден тазаланып жатат" деген сындар айтылган. Партиянын тизмеси боюнча Жыргалбек Саматовдун ордуна Болотбек Ибраимжанов келери күтүлүүдө. Буга чейин Саматовго мандат берилип, кайра алынып жаткан аралыкта Ибраимжанов депутаттык мандат алууга үлгүрүп, сот Саматовдун пайдасына чечим чыгаргандан кийин кайра тапшырган. Эми кайра колуна мандат тийгени жатат.