Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июлда өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөштү жигердештирүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу ведомство жетекчисинин маалыматын укту.
Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын бөлүктөрү өлкөдө өтүүчү ири эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кандай даярдыктарды көрүп жатканы, туристтик сезон мезгилинде коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары ички иштер министри милиция кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу боюнча алдыдагы мерчемдер жөнүндө да айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча чараларды активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.