Талас жана Чүй облустук жергиликтүү соттордун, Ош облусунун райондор аралык сотунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев Талас жана Чүй облустук жергиликтүү соттордун, Ош облусунун райондор аралык сотунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу 9-июлда президенттик аппараттан билдиришти.

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге Баткен (2 адам), Талас (4 адам), Ош (2 адам), Нарын (1 адам) жана Чүй (1 адам) облустук сотторунун, ошондой эле Ош облусунун райондор аралык сотунун (2 адам) судьялары кызматтарына 12 талапкерди дайындоо боюнча сунуштарды киргизген.

30-июнда мамлекет башчысы бул талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнү, кошумча алынган материалдарды эске алуу менен президент Алмазбек Атамбаев 4 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макул болду.

Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы 8 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев 2 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен дайындалган 4 талапкер, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган 4 судья судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Талас жана Чүй облусунун, Ош облусунун райондор аралык сотунун судьялыгына жиберилди.

Талас облустук сотуна:

Түнкатаров Өмүрлан Амангелдиевич

Эстебесов Курал Калыгулович

Чүй облустук сотуна:

Сейталиев Бекболот Мырзабекович

Ош облусунун райондор аралык сотуна:

Досалиев Акылбек Кубатбекович

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан