Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы 1 миллион 298 448 сом киреше тапса, 34 миллион сом чыгаша кылган. Мындай сумма мамлекет башчынын 2015-жылы тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Анда 27 гектар жер аянтына жана көп жылдык өсүмдүктөр тигилген 64 гектар жерге ээлик кылат.
Өлкө жетекчисинин жакындары былтыр маяна катары 182 588 сом алышса, банктарга салган каражаттарынын пайызынын эсебинен 112 273 доллар табышкан. Аларга таандык мүлктөр: 1 унаа токтотмо, 2 батир, кайсы бир компаниянын 86,28 пайыз акциясы.