Бишкекте Опера жана балет театрынын 70 жылдыгына карата фестиваль өтөт
Эртең Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын 70 жылдык мааракесине карата фестиваль башталат. Фестивалга Орусия, Япония, Азербайжан жана Казакстандын артисттери катышып, иш-чара 18-ноябрга чейин созулмакчы. Эске салсак, мындай фестиваль Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери биринчи жолу өткөрүлүп жатат.