Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго сөгүш берди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июлда республиканын унаа жолдорун реконструкциялоо жана оңдоо боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жээнбеков белгилегендей, автоунаа жолдорун реконструкциялоо жана оңдоо сапатынын төмөндүгүнөн Транспорт жана жол министрлигинин иши коомчулуктун кескин сын-пикирине кабылууда. Жол долбоорлорун ишке ашыруу үчүн компанияларды аныктоо боюнча өткөрүлүп жаткан тендерлер да талкуунун предмети болууда. Буга байланыштуу Транспорт жана жол министрлигине өткөрүлгөн тендерлердин ачык-айкындуулугун камсыздоо, аларды өткөрүүдөгү бардык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча ишти күчөтүү тапшырылган.

Өкмөт башчы Бишкек-"Манас" Эл аралык аэропорту жолун мисалга алып, жүргүзүлүп жаткан иштердин төмөнкү сапаты долбоордун аткаруучусуна карата катуу талаптардын коюлбагандыгы жана аны ишке ашыруудагы көзөмөлдүн жетишсиздигинин жыйынтыгы катары эсепетелерин айтты. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго сөгүш жарыялады.

Айдаров маалымдагандай, премьер-министрдин Бишкек-"Манас" Эл аралык аэропорту жолунун бүткөрүлгөн тилкесиндеги кемчиликтер ишти аткарып жаткан компаниянын эсебинен жүргүзүлөт. Министрлик андан тийиштүү кепилдик кат алган. Ошондой эле ал башка долбоорлордун, тактап айтканда, Балыкчы-Чолпон-Ата тилкесиндеги Балыкчы-Корумду жолунун курулушу жана
Бишкек-Талас-Тараз жолунун реконструкцияланышынын жүрүшү тууралуу маалымдады.

Каржы министрлигине республикалык бюджеттен каржыланган республиканын автожолдорун реконструкциялоо жана оңдоо боюнча долбоорлорду үзгүлтүксүз каржылоону камсыздоо тапшырылды.

Белгилей кетсек, 8-июлда Сооронбай Жээнбеков Бишкек-"Манас" Эл аралык аэропорту жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн көзөмөлдөгөн. Жолду кыдыруу учурунда аталган жолдун чыгыш тилкесинде бүткөрүлгөн иштердин сапаты төмөн экендиги белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан