Президент Алмазбек Атамбаев 11-июлда "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган. Мыйзам ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясында жана аларды жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.