Президент аскердик кызмат статусу бар органдарды киреше салыгынан бошотууга багытталган мыйзамга кол койду

Аскердик кызмат статусундагы органдарга азык-түлүк паёгунун ордуна берилген компенсациялар түрүндөгү кирешелер киреше салыгынан бошотулууда. Бул багыттагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган.

КРнын Салык кодексинин 167-беренесинин 2-пунктунун жаңы редакциясына ылайык, аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин азык-түлүк паёгунун ордуна берилген акчалай үлүштөр жана компенсациялар түрүндөгү кирешелерине киреше салыгы салынбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан