Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери Сербия менен Кувейтке визасыз кире алышат

Президент Алмазбек Атамбаев 12-июлда Кыргыз өкмөтү менен Сербия өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган.

Келишимде башка тараптын мамлекетинин аймагына киргенден тартып 90 күнгө чейин дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу каралган.

Бул келишимди ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Сербия Республикасынын жарандарынын дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара катышын жеңилдетип, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет жана саясий-экономикалык жана консулдук мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ошондой эле мамлекет башчы Кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган.

Бул келишимде да дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлери башка тараптын мамлекетинин аймагына биринчи жолу киргенде 90 күнгө чейин визалык талаптардан бошотуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан