Чек ара маселелери боюнча Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 12-июлда чек ара маселелери боюнча Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаттары – мамлекеттик чек араны коргоо жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин чек ара боюндагы аймактарынын коопсуздугун, ошондой эле төмөнкүлөрдү кучагына алган чек ара чөйрөсүндөгү чакырыктарга каршы турууга багытталган натыйжалуу чараларды көрүүгө болгон өз ара кызыкчылыкты камсыз кылуу:

- чек ара боюндагы аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу;

- ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

- ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын мамлекеттик чек аралардагы мыйзамсыз аракеттерди ачыктоого, алдын алууга жана болтурбоого багытталган аракеттерин координациялоо;

- терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, курал-жарактардын, ок-дарылардын, жардыруучу жана уулуу заттардын, радиоактивдүү материалдардын, наркотикалык заттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, мыйзамсыз миграцияга жана чек ара боюндагы улуттар аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү;

- ШКУга мүчө мамлекеттердин чек ара маселелери боюнча келишимдик-укуктук базасын өнүктүрүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан