Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 12-июлда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" жана "Азыркы шарттарда республикада миграциялык процесстерди жөнгө салуу жөнүндө" чечимдерине кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму 2016-жылдын 4-июлунда мамлекет башчысынын жетекчилиги алдында өткөн.
"Прокуратура органдарынан тергөө функциялары алынып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка берилет. Бирок прокуратура органдарында кылмыш ишин козгоо функциясы калат. Мындай өзгөрүүнүн мааниси - прокуратура өзүнүн салттуу негизги көзөмөлдөө функциясын аткарышы керек", - деген Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров.
Реформанын алкагында ИИМдин түзүмүндө да өзгөрүүлөр болмокчу. ИИМде 5 жаңы кызмат түзүлөт: коомдук коопсуздук боюнча кызмат, кылмыш милициясы, экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча кызмат, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча кызмат жана ички коопсуздук боюнча кызмат.