Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Италиянын премьер-министри Маттео Ренциге темир жолдо адам өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Италиянын түштүк аймагындагы көп сандаган адам курмандыгы менен коштолгон темир жол кырсыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектешмин", - деп айтылат өкмөт башчынын телеграммасында.
Эскерте кетсек, 12-июлда Италиянын түштүгүндө жүргүнчүлөрдү ташыган эки поезд сүзүшүп, 22 адам каза таап, 50дөн ашыгы ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.