Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июлда "Ала-Арча" резиденциясында Германиянын канцлери Ангела Меркелди кабыл алды. Жолугушууда Алмазбек Атамбаев: "Мен сизди Кыргыз жеринде көрүп жатканыма абдан кубанычтамын, дагы бир ирет кош келиңиз! Сиздин келишиңиз Кыргыз Республикасында демократиянын өнүгүшүнө чоң колдоо", - деп айтты.
Андан кийин Меркель айымга сөз берилди. Ал Кыргыз Республикасы экономикалык оор абалга карабай демократия жолунда баратканын кубаттады.
Учурда жабык эшик артында эки тараптуу маселелерди талкуулап жатышат. Андан соң эки лидер биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.