Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын канцлери Ангела Меркель "Ала-Арча" резиденциясында жолугушуп, Кыргыз-Германия кызматташтыгын бир сааттан ашык убакыт талкуулашты. Учурда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп жатышат.
Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө: "Кыргыз Республикасы өнүгүш үчүн Германия менен тыгыз кызматташуусу керек. Биз активдүү кызматташуу багытын аныктап алдык", - деп айтты.