Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү XXXI Олимпиада оюндарына жана XV Паралимпиада оюндарына баруучу Кыргыз Республикасынын расмий спорттук делегациясынын курамы бекитилди. Курам вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын жетекчилиги астында аталган оюндарга спортчуларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында бекитилгени 14-июлда кабарланды. Кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарына катышууга 18 лицензия, паралимпиада оюндарына катышуу үчүн 3 лицензия уткан. Жыйында Бразилияда кийчү кыргыз спортчуларынын параддык жана спорттук формасы да тааныштырылды.