"Мага Кыргыз жеринин кооздугу жакты", - деп айтты Германиянын канцлери Ангела Меркель. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июлда "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен биргеликте берген маалымат жыйында айтты.
"Менин оюмча, биз буга чейин белгилеп алган кызматташуу жолу келечекте маанилүү орунду ээлейт. Кыргыз мамлекетинин демократиялык багыттагы жолу кенен", - деди Меркель.
Андан кийин ал өлкөнүн кооздугуна суктанганын жашырган жок. "Мен бул өлкөгө биринчи ирет келип жатам. Өтө кооз экен, мага жакты", - деди Германия канцлери.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүн эртең менен Алмазбек Атамбаев жубайы, уул-кызы жана Меркель айым менен "Ала-Арча" жаратылыш паркын аралап сүрөткө түшүштү.