Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ангела Меркель менен эки тараптуу маселелерди талкуулап жатат

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкөгө эки күндүк иш сапары менен келген Германиянын канцлери Ангела Меркелди кабыл алды. Жолугушуу "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жатканын SUPER.KG'ге Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана парламенттер аралык диалог маселелерин талкууга алып жатышат.

Меркель айым буга чейин президент Алмазбек Атамбаев менен да жолугушуп, андан соң маалымат жыйын курушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан