Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 14-июлда Франция президенти Фрасуа Олландды улуттук майрам – Бастилия алынган күн менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргыз мамлекети менен Франция ортосундагы салтка айланган достук мамилелер урматтоонун жана эки тараптуу пайдалуулуктун принциптеринде биздин элдерибиздин бакубатчылыгына кыйшаюусуз өнүгүп жана тереңдей берерине ишенем", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев Олландга бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Франциянын дос элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.