Өкмөт башчы Нарын облусуна иш сапары менен барат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна иш сапары менен барат.

Өкмөттөн билдиришкендей, сапар алкагында Жээнбеков Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулуш иштери менен таанышат. Ошондой эле өкмөт башчы Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна жана Ак-Талаа районундагы "Мангел" айыл чарба кооперативине барат.

Мындан тышкары премьер-министр Тайлак баатырдын 220 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүү алкагында Тайлак баатырдын күмбөзүн (мавзолейи) калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан