Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Азаматбек Абдыбеков кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 15-июлда өкмөттүк аппараттан билдиришти. Ал эми башка буйруктун негизинде Абдыбековдун ордуна Бекболот Алиев дайындалды. Алиев буга чейин Каржы министрлигинин Кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.