Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 15-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды. Президенттик аппараттан маалымдашкандай, Мамыров президентке жарандардын конституциялык укуктарын сактоо жаатында аткарыла турган пландар жана палатанын эл аралык кызматташтык багытындагы иштери боюнча маалымат берди.

Президент палатанын өлкөдөгү демократиялык реформаларды ишке ашыруудагы таасири чоң экенин баса белгиледи. Андан сырткары Алмазбек Атамбаев жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин кесипкөй, ачык жана адилеттүү жактоо жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо аркылуу гана аталган орган коомчулуктун ишенимине ээ боло аларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан