Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам 2016-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам пенсиялык системдин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Пенсиялык фонддун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пенсионерлердин турмуш деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
"Ушул максатта "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" мыйзамдарда көрсөтүлгөн пенсияларды эсептөө үчүн эске алынган орточо эмгек акынын (кирешенин) чектелген деңгээли 8000 сомдон 15000 сомго чейин жогорулатылды", - деп айтылат маалыматта.
Мыйзамдын 3-беренесине ылайык, мыйзам расмий жарыяланат жана 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.