Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 16-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовго сөгүш жарыялады. Министр кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн сөгүш алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Максүтов ушул тапта эмгек өргүүсүндө жүргөнү маалым.