Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусиянын өлкө башчысынын сайтында кечээ, 17-июлда жарыяланды.
Сүйлөшүүдө Владимир Путин Режеп Эрдоганга көп адамдын өлүмүнө себеп болгон окуяга байланыштуу көңүл айтып, Түркиядагы Конституцияга каршы болгон иш-аракеттерге каршы экенин билдирген.
Ошондой эле Орусиянын президенти чектөө чаралары алынган соң Түркияда орусиялык туристтердин саны көбөйгөнүн белгилеп, түркиялык тарап учурдагы жөнөкөй эмес кырдаалда алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн болушунча аракеттенерине ишенерин айткан. Режеп Эрдоган буга байланыштуу бардык чаралар көрүлөрүн билдирген. Мындан сырткары өлкө башчылары жакын арадагы жолугушуусу тууралуу да сүйлөшүшкөнү белгилүү болду.