Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Бул жөнүндө бүгүн, 18-июлда президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Сиздин Кыргыз Республикасына жакында эле келип кеткениңизди жана кезигүү учурунда болгон сүйлөшүүлөрдү жылуу эстеп жатам. Сиздин бул сапарыңыз кыргыз-немис мамилеси үчүн абдан маанилүү жана анын өнүгүүсүн жаңы этабына чыгарат. Ошондой эле биздин мамлекет тандап алган демократиялык өнүгүү жолун колдоо болуп саналат", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда. Ошондой эле А.Атамбаев А.Меркелге чың ден соолук, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалаган.

Эске салсак, Ангела Меркель быйыл 62 жашка чыкты, ал 1954-жылдын 17-июлунда Гамбург шаарында төрөлгөн. Германиянын тарыхында биринчи аял канцлери. Бул кызматка 2005-жылдын 21-ноябрында келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан