Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын башчылыгына убактылуу милдеттерин аткаруучулар дайындалышты

15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад жана Баткен облустук башкармалыктарынын башчылары ээлеген кызматтарынан бошотулушкан. Бүгүн, 18-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен кызмат ордуна убактылуу жаңы жетекчилер дайындалышты.

Ага ылайык, Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Кыялбек Курганбаев дайындалды. Ал эми Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу Абдишарип Бекиловго жүктөлдү.

Жаңы дайындалган жетекчилерди Кубатбек Боронов министрликтин борбордук аппаратына жана аталган аймактык башкармалыктарынын өздүк курамына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. “Силерге өзгөчө тапшырма жана сыноо үчүн кыска мөөнөт берилип, жогорку ишеним менен дайындап жатабыз. Калкты табигый жана техногендик кырсыктардан коргоодо жергиликтүү башкармалыктардын ролу чоң. Андыктан жергиликтүү бийлик менен биргеликте жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылуу зарыл”, - деди Боронов. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан