Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 18-июлда укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жарлыктын тексти:

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын азыркы абалы коомчулуктун жана улуттук коопсуздуктун талаптарына туура келбейт. Алардын коррупцияга батканы жана кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткара албагандыгы жарандардын адилеттүү нааразычылыгын жаратууда.

Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин укукка каршы жүрүш-турушу, ошондой эле чарбакер субъекттердин ишине алардын негизсиз кийлигишүүсү коомчулукта өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, бул болсо көмүскө экономиканын өсүшүнө, өлкөдө криминогендик кырдаалдын начарлашына жана жарандардын укуктарын көптөгөн бузууларга алып келет.

Укук коргоо органдарынын ишиндеги системдүү кемчиликтер Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет, мыйзамдын жана акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылбайт, системдин өзүнүн ичиндегидей эле коомчулукта дагы карама-каршылыктарды жана чыр-чатактарды жаратат.

Түзүлгөн терс жагдай мыйзамдын беделин калыбына келтирүүгө жана бийлик институттарына жарандардын ишенимин кайтарып берүүгө багытталган укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча кечиктирилгис жана түп-тамырынан бери өзгөртүүчү чараларды кабыл алууну талап кылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде КРнын укук коргоо органдарынын натыйжалуу системин түзүү, президенттин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2013-2017-жылдардын мезгилине КРны туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине КРны туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун жана Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 “КРнын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алып токтом кылам:

1. Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 “КРнын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” чечими менен жактырылган укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралардын комплекси (мындан ары – чаралардын комплекси) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Чаралардын комплексин ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу (мындан ары – жумушчу топ) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Жумушчу топ аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенип:

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоонун максаттарына жана милдеттерине жетүүгө багытталган чараларды иштеп чыксын жана аларды тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууну жана бекитүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоону бир түрдүү жана шайкеш ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды ишке киргизүү үчүн сунуштамаларды иштеп чыксын;

- Чаралардын комплексинде каралган иш-чараларды ишке ашырууда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылсын.

4. Жумушчу топ зарыл болгон учурда өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

5. Өкмөт ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну, анын ичинде Жогорку Кеңешке мыйзам актыларынын тиешелүү долбоорлорун киргизүүнү камсыз кылсын, чаралардын комплексинен жана Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” чечиминен келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине чаралардын комплексин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу менен байланышкан мыйзам актыларынын долбоорлорун артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгы жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоону ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кароосуна киргизсин.

Бул жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан