Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, анда ушул жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын талкуулашты. Министр республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик казына чыгымдарынын негизги багыттары тууралуу айтып берди.
Атамбаев мамлекеттин бардык чыгымдык милдеттенмелерин тиешелүү деңгээлде өз убагында камсыз кылуунун зарылдыгын жана өлкө жарандарынын алдындагы социалдык милдеттенмелерди туруктуу каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.