Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4 миллиард куб метрге көп

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы астында 19-июлда Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын 2016-2017-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын селектордук кеңешмеси өттү.

Күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты министрлик жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өлкөнүн энергетикалык компанияларынын башчылары беришти. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө ириде отун даярдоого тендерлерди өткөрүүнү, энергетикалык жабдууларды оңдоодон өткөрүүнү өз убагында камсыздоо керек. Өзгөчө көңүлдү Токтогул суу сактагычындагы тийиштүү суунун көлөмүн чогултууга буруу зарыл.

"Өкмөттүн токтомуна ылайык, отун сатып алууга тендерлерди өткөрүү мөөнөтү бекитилген. Мамлекеттик органдар аталган графикти кынтыксыз сактоосу тийиш. Тендерлердин өз мөөнөтүндө өткөрүлбөшү отун даярдоонун бекитилген графигинин үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн", - деп белгиледи ал.

"Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы өткөн жылга салыштырмалуу 4,0 миллиард куб метрге көбүрөөк. Бул бир катар факторлордун, анын катарында өкмөт тараптан өз учурунда кабыл алынган чаралардын жыйынтыгы болуп саналат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал электр энергиясын керектөө чегинин сакталышынын, электр түйүндөрүндөгү энергияны жоготуу деңгээли боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын маанилүүлүгүн белгилеп, аталган иш өзгөчө көзөмөлдө болуусу керектигин билдирди. Буга байланыштуу өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө энергияны керектөө тармактары боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берди.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине 2016-2017-жылдарда күз-кыш мезгилине даярдыктардын жүрүшү боюнча тийиштүү чечимдерди аткаруу чечими кабыл алынды.

Өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдер менен тапшырмаларды өз убагында аткарбаган жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралат.

Эскерте кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14-июлда 14 миллиард 909 миллион метр кубга жеткен. Былтыр бул маалда суунун көлөмү 10 миллиард 820 миллион метр куб болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан