Кыргыз спортчусу Арстанбек Базаркулов Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчу жолдомону 16-17-июль күндөрү Германияда өткөн мелдеште камсыздады. Берлиндин Гран-присинде ал ядрону түртүп ыргытууда 3-орунду ээлеген.
Кошумчалай кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Паралимпиада оюндары 7-сентябрдан 18-сентябрга чейинки аралыкта өткөрүлөт. Мелдеште Кыргыз мамлекетинин желеги астында 3 спортчу сынайт: Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг) жана Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика).