Адахан Мадумаров шайлоодо элге чай берип, кооз сүйлөп маскарапоз болууну токтотуу керектигин айтты

"Бүтүн Кыргызстан", Ар-намыс" жана "Аалам" партияларынын лидерлери маалымат жыйын өткөрүп, анда шайлоо системине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышууда. Адахан Мадумаров элге чай берип, кооз сүйлөп маскарапоз болууну токтотуу керектигин айтты. Бул аталган партиялар сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда камтылган. "Биз эл алдына өз-өзүнчө чыгууга, чай берип, шоу жана концерттерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштап жатабыз. Сулуу жүздөр менен кооз сөздөр артта калсын", - деди Мадумаров.

Жогоруда аталган үч партия бирдиктүү партиялык коалиция түзүшкөнүн жарыялашты. Алардын башкы максаты келечектеги шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүү союзун түзүү болуп саналат. "Бир катар саясий партиялардын лидерлери бизди колдоого даяр", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан