2016-жылдын I жарым жылдыгында мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган сынактардын 16 183ү уюштурулган. Анын жалпы суммасы 17 миллиард 529 миллион 841,3 миң сом болгон.
Анын ичинен:
- республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган мамлекеттик мекемелер аркылуу – 9849 сынак (өткөрүлгөн сынактардын жалпы санынан - 60 пайызы) – 10 миллиард 265 миллион 292,6 миң сом суммасында;
- 50 пайыздан жогору мамлекеттик үлүшү бар ачык акционердик коомдор жана мамлекеттик ишканалар аркылуу – 1779 сынак (өткөрүлгөн сынактардын жалпы санынан - 11 пайызы) – 4 миллиард 926 миллион 154,5 миң сом суммасында;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу – 4553 сынак (өткөрүлгөн сынактардын жалпы санынан – 28,1 пайыз) – 2 миллиард 338 515,2 миң сом суммасында.
Аталган мезгилде сатып алуулар боюнча веб-порталга жарыяланган маалыматка ылайык, жалпы жарыяланган сынактар 16183тү түзүүдө, анын ичинен 12 126 сынак өткөрүлдү деп бааланды (жалпы жарыяланган сынактардын жалпы санынан - 74,9 пайыз), калгандары – 4057 өткөн жок же жокко чыгарылды деп бааланды.
2016-жылдын I жарым жылдыгында республикалык бюджеттин анык аткарылышынын чыгымдары 62 миллиард 291 миллион 447,3 миң сом түздү, анын ичинен веб-порталдын маалыматы боюнча, мамлекеттик сатып алууларга республикалык бюджеттин эсебинде турган бюджеттик ишканалар аркылуу 10 миллиард 265 миллион 292,7 миң сом жумшалган, бул мамлекеттик бюджеттин бардык чыгашаларынын суммасынан 16,5 пайызды түзөт.
Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган бюджеттик ишканалардын сатып алууларга пландаштырылган суммасы мамлекеттик сатып алуулар, веб-порталынын маалыматы боюнча, 12 миллиард 111 миллион 93,7 миң сомду түздү. Сынактарды жүргүзүүдө анык үнөмдөлгөн сумма – 1 миллиард 845 миллион 801 миң сом, бул бюджеттик ишканалардын сатып алууларга пландаштырылган суммасынан 15,2 пайызды түзөт.
Ошондой эле 2016-жылдын I жарым жылдыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, мамлекеттик сатып алуулардын планына ылайык, жергиликтүү бюджетте турган мамлекеттик сатып алууларга 2 миллиард 842 миллион 565,2 миң сом багытталган. Алардын ичинен мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын маалыматы боюнча, 2 миллиард 338 миллион 515,2 миң сом сатып алууларга жумшалган, бул жергиликтүү бюджеттин жалпы суммасынын 82,2 пайызын түзөт.
Мындан тышкары 2016-жылдын I жарым жылдыгында мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор тарабынан, мамлекеттик сатып алуулар планына ылайык, мамлекеттик сатып алууларга өз каражаттарынан 6 миллиард 437 миллион 203,3 миң сом багыттоо каралган. Алардын ичинен порталдын маалыматы боюнча, мамлекеттик сатып алууларга 4 миллиард 926 миллион 154,5 миң сом жумшалган. Бул бардык сатып алуулар суммасынан 76,5 пайызды түзөт.