Ысык-Көл облусундагы Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими Ишен Кожалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, район акими Ишен Кожалиев кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазган. Район акимин кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.